Экс-мэрлердин иши: шаардык сот апелляциялык арыздарды карайт

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 12:18
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлердин иши боюнча апелляциялык арыздар каралат. Бул тууралуу Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибрагимовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтканына караганда, буга чейин чыгарылган өкүмдүн үстүнөн арызданууга себептер жетиштүү.

 «Мурдагыдай эле далилдөөчү базасы жок. Экспертизасы болсо процессуалдык милдеттер менен талаптар бузуу менен жүргүзүлдү», — дейт С. Слесарев.

Эске салсак, Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата соттук өкүмү 2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунда чыккан.

Ага ылайык, Кулматов 5 миллион сомдук айыпка жыгылып, сот залынан бошотулган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда.

«Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. 

Кубанычбек Кулматовго «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.