Адахан Мадумаров Мелис Аспековго 50 миң сом төлөөгө милдеттендирилди

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 15:20
0 ой-пикир

Жарандык активист Мелис Аспеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду соттон жарым-жартылай утту. Бул жөнүндө ал «Азаттык» радиосуна билдирген.

Аспековдун айтымында, ал Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бир жыл мурда “Кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди” деп сотко кайрылып, Мадумаровдон 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

«Жарым-жартылай уттум. Канат Исаев менен төңкөрүш жасоого айыпталып камалганыбыздын эртеси Мадумаров “Сентябрь” телеканалынан чыгып мени провокатор деп жаман сөздөрдү айткан. Ошол айтканын “Фейсбуктагы” баракчасына да чыгарган. Сот Мадумаровду менден “Фейсбук” аркылуу кечирим сурасын жана мага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берсин” деген чечим чыгарды»- дейт Мелис Аспеков.

Адахан Мадумаров соттун чечими боюнча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев “бийликти күчтөп басып алууга” шектелип 2017-жылы сентябрда кармалып, 2018-жылы июлда бошотулган. Аны менен кошо Аспеков да кармалып, 1 жыл 7 айга соттолгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.