Ошто көрктөндүрүү иштери башталды. Сүрөт

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 13:00
0 ой-пикир

Ош шаарында көчөт отургузулуп, көрктөндүрүү иштери башталды. Бул жөнүндө муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-февралда Оштун Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Алгачкы көчөт отургузууда шаардын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

2020-жылы жалпысынан 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 түп жазы жалбырактуу жана 80 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

«Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жаз айында шаарыбызга 10 миң даана жоогазын гүлүн жана жалпысынан 2 млнго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет. Мындан сырткары муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаарыбыздын аймагына 20 миң түп дарактардын ар башка көчөттөрү отургузулат. Ак-Бууранын жээгине Япониянын сакура дарагын отургузууну пландап жатабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.