Искендер Матраимов: Кара-Сууга каралган дотациянын кереги жок

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 15:51
0 ой-пикир

5-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районуна каралган дотациялык жардамдын кереги жок деп билдирди.

Эске салсак, аталган аймакты сегиз жылдан бери анын бир тууган иниси Тилек Матраимов башкарып келет.

Депутат маалымдагандай, Кара-Суу району өкмөттүн айыл-аймактар дотациянын көлөмүн кыскартып, өзүн өзү каржыласын деген тапшырмасын ийгиликтүү аткарып жатат.

Айтымында, учурда 5 айылды өкмөттүн каржылоосунан чыгарып койсо болот. Бирок каржы министрлиги болбой эле каражат бөлүп жатат.  

«Кара-Суу акимиатынан мага кат жазышты. Ал жакта алдыга коюлган тапшырмалар аткарылып жатат, төрт айылды дотациядан чыгарыш керек деп айтылат. Акимиат каржы министрине дагы кат жазган. Бирок ага карабастан аталган министрлик ал айылдарга жылына 37 миллион сомдон бөлүп келет. Мына силерге акча, алгыла деп», — дейт Искендер Матраимов.

Анын баамында бул каражаттар жакшы өнугө элек айыл өкмөттөргө бөлүнүшү шарт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.