УКМК: Адвокат Жунусовдун билдирүүсүн чагымчылдык аракет катары баалайбыз

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 11:52
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды изилдөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусовдун билдирүүсүн коомчулуктун оюн башка нукка буруу аракети деп эсептейт.

Адвокаттын билдирүүсү боюнча УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

Андагы айтылган, ИИМ тергөө тобунун жетекчиси Э.Ж.Аширходжаев А.Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү туралуу токтому КР Жазык-процесстик кодексинин 479-беренесин одоно бузгандыгы боюнча:

ИИМ Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун башчысы Э.Аширходжаевдин күбө А.Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү тууралуу токтому Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 121-беренесинин, 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-п. жана 37-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-п. негизинде кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошоткон кылмыш ишин тергөөдө күбө А.Атамбаевдин себепсиз келбей койгондуна байланыштуу токтом чыгарылган. А.Атамбаевдин адвокатынын билдирүүсүн кароодо тергөөчүнүн бул иш аракеттери сот органдары тарабынан мыйзамдуу деп табылган.

Жазык-процесстик кодексинин 479-беренесине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон президент кылмышты же жорукту жасагандыгына шектүү боюнча кармалышы жана жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес деген норма камтылган.

Бул учурда адвокат Ж.Жунусов тарабынан Жазык-процесстик кодексинин нормаларын туура эмес чечмелегендиги көрүнүп турат.

Ж.Жунусовдун билдирүүсүндөгү КР Президенти С.Жээнбеков КР Конституциясын жана Жазык-процесстик кодексинин одоно бузгандыгы чындыкка дал келбейт. Ошондой эле КР УКМК төрагасы О.Опумбаевдин маалымат жыйында айтылган сөздөрүн Ж.Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат. Анда УКМК төрагасы Башкы кол башчыга А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясы тууралуу маалымат берилгендиги жана бардыгы мыйзам чегинде өткөрүүнү катуу талап кылгандыгы тууралуу билдирген. Муну менен бирге алып келүүнүн мындай жолун КР УКМК жетекчилиги тарабынан тандалгандыгын О.Опумбаев бир канча жолу белгилеген.

Ж.Жунусовдун массалык башаламандык, жай тургундарга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин денесине келтирилген зыян укук коргоо органдарынын жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасы деген билдирүүсү, жүргүзүлгөн тергөөнүн жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча Мамлекеттик коммиссиясынын чечими менен жокко чыгарылат.

Анын корутундусунда «Атамбаев бийликти күч менен алууну пландаган жана Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев жана анын тарапташтарында, ал эми УКМК жана ИИМдин күч менен алып келүү иш-аракеттери келтирилген каталарга карабастан КР Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жасалган» деп айтылган.

Буга байланыштуу КР УКМК Ж.Жунусовдун билдирүүсүн коомчулукту адаштыруу, мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн каралоо, Кой-Таш окуясын тергөө жыйынтыгын саясатташтыруу, А.Атамбаев жана анын тарапташтарын мыйзамсыз иштерин актоо аракети деп баалайт.

Эскерте кетсек, былтыр 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги биргеликте Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган.

Кийин бул окуянын иликтөө максатында коомдук комиссия түзүлгөн. Быйыл 3-февралда анын мүчөсү, адвокат Жамангул Жунусов комиссия бир жактуу иштегендиктен анын курамынан чыгып кеткенин жарыялаган.

Ал Атамбаев мыйзамсыз кармалып турганын, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясына кийлигишүү менен кызматынан аша чаап, Конститцияны бузган деп эсептей турганын айткан

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.