Телефондук сүйлөшүүлөр жана соцтармактардагы билдирүүлөр көзөмөлгө алынабы?

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 12:08
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) телефондук сүйлөшүүнү жана социалдык тармактарда жазылган билдирүүлөрдү жазып албайт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы расмий маалымат таратты.

Анда мекеменин басма сөз кызматынын атынан соцтармактарда жалган маалымат тарап жаткандыгы айтылат.

«Баардык телефондук сүйлөшүүлөр жана соцтармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. УКМК бул маалыматты “фейк” катары баалайт», — деп айтылат мекеменин тараткан маалыматында.

Учурда жалган маалымат тараткандарды аныктоо жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, социалдык тармактарда бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат тарап жаткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.