Ишкер Аскар Салымбеков Кытайга коронавирус илдетине каршы жардам көрсөтөт. Ал 50 миң бет кап жөнөтүүгө даяр экендигин Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Салымбеков «биздин коңшу Кытай элинин башына оор иш түшүп турганда ар кандай ушактарга жол бербей, достук мамилени көрсөтүү менен сабырдуулукка чакырам», — деп жазган ишкер.
Бирок социалдык тармактарда Салымбековдун Кытайга жардам берүү ниетин сындагандар бар. Алар Кыргызстандын өзүндө медициналык беткап жетишпей жатканын айтып жатышат.