ВИДЕО: Нарында 10 жаштагы кызды машина сүзүп кетти

Окуялар тизмеги 04 Фев 2020 13:41
0 ой-пикир

Нарын шаарында Жутакеев менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 3-февралда саат 15:20 чамасында болгон.

«Фольксваген-Вента» унаанын 34 жаштагы У.М., аттуу айдоочусу чыгыштан батыш тарапка бара жаткан жолдо 10 жаштагы Ы. кызы Д., атуу кызды сүзүп кеткен. Кыз ооруканага келгенден кийин каза болуп калган.

Унаа айып кароого токтотулган. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.