Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүшөт

Окуялар тизмеги 04 Фев 2020 15:37
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогондор 2-мартта Бишкек шаарында тынчтык митингин өткөрүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өткөн маалымат жыйында «Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду» коомдук фондунун төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы республикалык тынчтык митинги болот. Мындай чечим Түп районундагы жыйында кабыл алынган.

«Бардыгын мыйзам жолу, тынчтык жолу менен уюштуруу, жүргүзүү каралган. Эч ким тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган эмес. Биз тынчтык митингин өткөрүүдөн баш тартпайбыз», — дейт Осмоналиев.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот аны «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча актап, бирок «Адамды туткунга алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.