Жок кылууга жиберилген өрдөк эти $150 миң сатылып кеткен

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 11:34
0 ой-пикир

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергени белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

2019-жылы 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн. Бирок УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле, 150 миң долларга сатып жибергенин аныктаган. Маалыматка ылайык, сот аткаруучу болгону 5 тонна этти жок кылган.

Кармалган сот аткаруучу Жазык кодексинин 98-беренеси («Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу») боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.