Мамлекеттик чек ара: көйгөйлөр чеги жана чакырыктар. ВИДЕО

Аналитика, Видео, Окуялар тизмеги, Тегерек стол 03 Фев 2020 22:28
0 ой-пикир

Кыргыз-тажик чек арасында абал барган сайын курчуп барат. Чыр-чатактар делимитация процесси чек арага жакын жашагандардын жашоосуна байланыштуу болгондуктан улам чыгууда. Мындай пикирлерин “Мамлекеттик чек ара: көйгөйлөр чеги жана чакырыктар” деп аталган, Elgezit.kg редакциясы уюштурган тегерек столдо Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчилери билдиришти.

-Баткен облусунда абал барган сайын эмнеге курчуп бара жатат? Себеби, мурда делимитация тоолордо болсо, азыр өкмөттөр аралык комиссия түздүккө түштү. Делимитация жергиликтүү калктын үйлөрүнө, огороддоруна чейин жетти. Мурда ата-бабалары жашаган жерин эч ким бергиси келбейт, — дейт Чек ара кызматынын төрагасынын экс-орун басары Искендер Мамбеталиев.

-Өзүңөрдү тажиктердин ордуна коюп көргүлө, Алардын аталары, чоң аталары ушул жерлерде жашашып, суусун ичишип, тоолорунда мал жайып жүрүшкөн. Мен чек арада кызмат өтөгөм жана тажиктер бул жагынан бизге абдан окшош эл. Жерлерин жөн эле берип коюшпайт. Ошондуктан узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тынчтык жолу менен чек араны аныктап, биргеликте сүйлөшүү керек-, — деп кошумчалады ал.

—Чек арадагы абалдын курчушунун дагы бир себеби бар. Чек арага жакын жайгашкан айылдарда калктын саны өсүүдө, озгөчө тажик тараптыкы. Суу жетишсиз, жайыттар жана жер тартыш! Ошондуктан маселени жакында чечпесе, көйгөй күч ала берет,- деди Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык чек ара башкармалыгынын мурдагы зардалы, полковник Наркул Байдөөлөтов.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 31-январында Elgezit.kg редкциясы Мамлекеттик чек ара: көйгөйлөр чеги жана чакырыктар” аталышындагы тегерек стол өткөргөн. Иш-чарага чек ара талаштарын ичинен билген адамдар – Чек ара кызматынын мурдагы жетекчилери, конфликтологдор, эксперттер катышышты. Тегерек столдун видеосун бул жактан көрсөңүз болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.