Бишкекке Тегерандан алгачкы түз аба каттамы учуп келди

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 14:19
0 ой-пикир

«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн, 3-февралда алгачкы Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран абакаттамын кабыл алды. Каттам ирандык «VareshAirlines» авиакомпаниясы тарабынан аткарылган.

Буга байланыштуу жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу уюштурулган.

Эске салсак, 1-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кыргызстанга жаӊыдан дайындалган Ирандын элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда Тегеран-Бишкек-Тегеран түз аба каттамынын кайрадан ишке киргизүү макулдашылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.