Милиция ырчы Мирбек Атабековдун айыптоосуна жооп берди

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 11:06
0 ой-пикир

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жарандын өндүрүш иши токтотулган. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 6-май күнү Октябрь РИИБине 1961-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 6-майга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында үйүнө уурулар кирип, жабырлануучунун колу-бутун байлап, тапанча менен коркутуп, 60 миң доллар акча жана зер буюмдарын алып кеткенин маалымдаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматы Ысык-Көл облусунун аймагынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, Октябрь райондук соту СИЗО-1ге эки айга камакка алган.

«Азыркы учурда тергөөдө Б.М.нын аталган кылмышка катыштыгы бар экендиги далилденген эмес, ошол себептен иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми шектүү окуя болгон күнү Ысык-Көл облусунда досунун үйлөнүү тоюнда болгондугу тастыкталууда. Толук объективдүү тергөө үчүн тойдо тартылган видео чет өлкөгө экспертизага  жиберилет. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет. Азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар шектүүлөрдү аныктоо үчүн ыкчам тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин белгилүү ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милицияга нааразылыгын айтып чыккан.

Атабековдун айтымында, кылмышка шектүү жаңы жыл алдында эркиндикке чыгып кеткен. Ырчы бийликке өзүнүн жеке иши үчүн эмес, мындай окуялар коомчулукта көп болуп жаткандыктан кайрылып жатканын билдирген

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.