Милиция кызматкерлеринин айлыгы 40%га жогорулады

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 09:01
0 ой-пикир

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы 2020-жылдын 1-январынан баштап 40% жогорулады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сом болсо, эми ал 19 миң сомду түзөт.

Ошондой эле убактылуу батирде турган кызматкерлерге акча төлөнөт. Эгерде Бишкек шаарында батирде турса 9 миң сом, аймактарда 7 500 сом берилет.

2020-жылдын 3-февралынан баштап ички иштер органдарындагы кызматкерлер келишим менен иштешет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.