Шайлоо-2020. Бийликтин партиялары тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 03 Фев 2020 17:32
1 ой-пикир

Парламенттик шайлоо алдында Elgezit.kg шайлоого катышуучулар өздөрүн кандай өңүттө көрсөтүп жатканына көңүл бурууну туура көрдү. Эл арасында кандай уу-дуу кептер айтылып жатканын да талдаганга аракет кылдык.

Парламенттик шайлоого 9 ай калды. «Ак үйдөгү” стратегдердин ойлоп тапканы боюнча Жогорку Кеңешке кайсы партиялар келиши керектиги билинип калды.

“Ак үй” негизги басымды эки партияга жасайт өңдөнөт, алар – “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан”.

Бирок азырынча ал партиялар тууралуу көп маалыматтар ачыкка чыга элек.

 «Биримдик»

Юстиция министрлигинин тизмесинде “Биримдик” партиясы 2005-жылы Ошто негизделген. Анын түзүүчү-негиздөөчүлөрү 10 айым экени жазылган. Алардын ичинде, парламенттин VI чакырылышындагы КСДП партиясынан депутат Айнуру Алтыбаева да бар. Алтыбаеванын айтымында, ал 2010-жылы “Биримдиктин” курамынан чыгып кеткен.

Минюсттагы документтерге ылайык, “Биримдик” партиясын 2013-жылдан бери КСДПнын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экс-төрагасы Марат Аманкулов жетектейт.

Бирок 2015-жылы бул партия Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо кандайча Карганбек Самаковдун партиясы катары катышканы түшүнүксүз. Жогорку Кеңештин IV чакырылышында Карганбек Самаков “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп келген, бирок 2014-жылы фракциядан чыгып, “Биримдик” партиясын түзгөнүн билдирген эле. Ошол эле учурда, бул партия эбак эле түзүлгөнү, 2013-жылдан бери лидери бар экендиги тастыкталып калды. Кыскасы, кыйчалыш абал, андыктан “Биримдиктин” саясий технологдору мунун үстүнөн иштеше керек экендиги анык.

“Биримдик” партиясынын тизмесинде жер тилкелерин саткан  деп күнөөлөнүп, 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган Самаковдун адамдары дагы бар болушу мүмкүн деген сөздөр чыгып жатат. Бирок бул дагы чырмалышкан окуяларга бай кылмыш иши болгон.

 “Биримдиктин” азыркы лидери Марат Аманкулов Ысык-Көл облусунун тургуну. Бирок бул факт эч кимди адаштыра албайт. Дегеним, аталган партия түштүктүн партиясы катары айтылып келет. Айрым маалыматтарга ылайык, дал ушул “Биримдик” менен шайлоого түштүктүн кыйындары саналган Төрөбай Зулпукаров, Улан Примов, Бакыт Төрөбаев, Азамат Арапбаев, Мирлан Бакиров ж.б. барышат. Ошондой эле “Биримдиктин” тизмесинде Асылбек Жээнбеков дагы болот деген сөздөр айтылып келет. Башкалары болсо, Асылбек Жээнбеков дагы, ажонун кудасы Алиярбек Абжалиев дагы парламентке барбайт дешүүдө.  

Идеология тууралуу айтсак. “Биримдик” өзүн демократиялык социализм (социал-декмократтар менен адаштырып албаңыз — Elgezit.kg) катары көрсөтүп келет. Маалымат булактарынын бирине берген маегинде Марат Аманкулов алардын партиясынын башкалардан айырмасы партия мүчөлөрү бир саясий фигуранын айланасында чогулбай, идея үчүн чогуларын билдирген. “Биз мамлекеттик курулуш жана жалпы улуттук кызыкчылык партиясыбыз”, — деген Аманкулов.

Партияны куруу темасы менен “Ак үйдүн” дагы бир сүймөнчүгү “Мекеним Кыргызстан” да байланышкан.

 «Мекеним Кыргызстан»

“Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” партияларын лидерсиз партия идеясы да байланыштырып турат. Партия ММКлардагы “Шайлоо жакында өтсө кайсы партияга добуш берет элеңер?” деген сыяктуу ар кандай добуш берүүлөдө алдыга чыгып жатканы менен, “Мекеним Кыргызстандагы” саясатчылардын атын атап бере ала тургандар жана алардын идеологиялык платформасы тууралуу кабардар болгондор өтө аз. Медиада аларды масондук деп атап жатышканы дагы жөн жерден эмес. Биринчиден, масондор – куруучулар гана эмес, жан дүйнөнү түптөөчүлөр, философтор ж.б. Экинчиден, масондор коомунун түзүлүү принциби – бул белгилүү бир максатты жана идеологияны көздөгөн жабык түрдөгү элитардык биримдик.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын дагы куруучулар партиясы деп атасак болот. Аны “Ихлас” компаниясы менен дагы байланыштырып келишет. Мындан сырткары, аны түптөөчүлөрдүн катарында “ДомСтройИнвест” ЖЧКсынын директору, курулуш тармагы менен байланышы бар болгон компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалап жүргөн Самат Раев  да бар.

Партия 2015-жылдын 2-ноябрында түзүлгөн. 2016-жылы Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринде жакшы жыйынтык көрсөткөн. Партия 2018-жылдагы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо дагы жакшы натыйжаларга жетишкен.

Азырынча «Мекеним Кыргызстан» тууралуу жалпы коомчулукка эч нерсе белгисиз. Жада калса, 2019-жылдын акырында өткөн съездди дагы партия эч кандай чагылдырган жок, ал ММКларга чыкпай эле, тынч өттү.

Айрым кептерге караганда, Темир Сариев “Ак Шумкары” менен “Мекеним Кыргызстанга” биригип, шайлоого барууга камынууда. Бул жерде Сариев кандай утушка ээ болору го белгилүү, бирок “Мекеним Кыргызстан” кандай пайда табары белгисиз. “Мекеним Кыргызстанды” жана “Биримдикти” түштүктүн партиясы атап келишет, ошондуктан анын катарын түндүктүк белгилүү саясатчылар менен толуктоо зарыл болуп турган чагы. Бирок Темир Сариев түндүккө таасир берип, шайлоочуларды ишендире алабы деген суроо жаралат. Себеби, өткөнкү президенттик шайлоодо биринчи үчтүккө да илинбей калганы баарыбызга маалым.

Азыр “Мекеним Кыргызстандын” сайтында эч нерсе жарыялана элек. Программадан, мүчөлөрүнүн тизмесинен, лидери тууралуу маалыматтан кабар жок. Партиянын идеологиясы тууралуу Википедиядан гана билгенге мүмкүн болду. Бирок ал жакта дагы аталган партия тууралуу кыска эле маалымат жарыяланган. Партиянын идеологиясы тууралуу “партия либерализм идеологиясын карманат”  деп бир сап гана сүйлөм жазылган. Бул партия менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына Матраимовдор аттанат экен деген кептер да айтылууда.

Адахан Мадумаровдун ордун ким басат?

Жекшемби күнү Бишкекте жаңы-эски либералдык-демократиялык партиянын презентациясы болду. Эски дегенибиз, партия 2011-жылы эле түзүлгөн. Жаңы дегенибиз, партия өкүлдөрү коомчулукка өздөрүн жаңы партия катары көрсөтүшүүдө.

Сейтек Качкынбаев өзүн кыргыз либерал-демократтардын башкы өкүлү катары көрсөтүп келүүдө. Ал 2016-жылы дагы “Демократ” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине келүүгө аракет кылып, майнап чыкпай калган. Партиянын дагы бир лидери – Сооронбай Жээнбековдун учурундагы өкмөттө экономика министринин орун басары болуп турган Эльдар Абакиров. Баса, ал дагы жергиликтүү кеңеште күчүн “Адилеттүү Кыргызстан” партиясы аркылуу сынап көргөн.

Партиянын башкы жүзү – Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болууда. Мурдагы “Азаттыкчы” жана Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы. Азырынча анын аброю бийик бойдон. Бирок саясатта аброй болуу гана жетиштүү эмес. Өзүнүн саясий позициясын так аныктап алуусу кажет.

Жанар Акаевдин партиясы Адахан Мадумаровдукунун көчүрмөсү болору азыртан эле белгилүү болду, себеби Мадумаров дагы мигранттарга басым жасап келген. Либерал-демократтар чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктарга таянарын ачык айтышты. Алар болсо партиянын съездине Россиядан өкүл катары Кубанычбек Алибековду жиберишкен.

“Ак үйдүн” стратегиясы боюнча Жанар Акаевдин партиясы нааразы болгон шайлоочуларды өзүнө тартып кетет өндүү. Себеби бул партия – жаштардан, арты тазалардан түзүлгөнүн өздөрү жар салышууда.

 «Кыргызстан» партиясы

«Кыргызстан» партиясынын абалы азырынча белгисиз. Жакында эле алар өзүн бийликтин эң негизги партиясы катары санап келишкен. 2019-жылы “Кыргызстан” биринчилерден болуп съезд өткөрүп, Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдиришкен. Айрым маалыматтарга ылайык, шайлоодо “Кыргызстанды” жазында отставкага кете турчу Мухаммедкалый Абылгазиев баштап барат. Дагы башка маалыматтар боюнча, партиянын лидери Канат Исаев кыялындагы нерсени чындыктай көрсөтүүдө. Чынында “Ак үйдөн” алар уруксат алышканы менен бул бата бергендикке жатпайт дешүүдө. Билгениңди кыл, биз тоскоол болбойбуз, өтсөң-жакшы, өтпөй калсаң – өзүңдөн көр дегендей.

“Кыргызстанды” түптөөчүлөрдүн бири Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу дагы түрдүү сөздөр айтылууда. Бири, арак магнаты партиянын ишинен алыстаган, Канат Исаев экөөнүн ортосун кара мышык аралаган десе,  башкалары Исаев менен Абдыкеримовдун ортосунда мамиленин сууп кеткени тууралуу кептер жөн гана оюн дешүүдө.

 Elgezit.kg редакциясы

Шайлоо-2020. Бийликтин партиялары тууралуу” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.