ВИДЕО: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дарыгер кармалды

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 11:06
0 ой-пикир

30-январда Алматы облусунда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу аймактын полиция департаментине шилтеме менен racurs.kg жазды.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн бири облустагы райондук ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштейт. Ал социалдык түйүндөргө Алматыда коронавирус жуктурган 70 адам бар экендиги тууралуу жалган маалымат чыгарган. Учурда кармалган дарыгерге карата «Жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча тергөө иштери башталды.

Полиция департаментинен билдиришкендей, мындан тышкары 30-декабрда жалган маалымат таратуу шеги менен Капшагай шаарындагы тез жардам кызматынын эки айдоочусу кармалган. Алар WhatsApp мессенджери аркылуу коронавирус жуктурган эки адам тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө.

30-январда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Казакстанда 38 адам короновируска шектелип ооруканаларда жатканын билдирген.

Бейшемби күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун башка өлкөлөргө жайылып жатканына байланыштуу глобалдык масштабдагы өзгөчө абал жарыялаган. Акыркы маалыматтар боюнча вирустан 200дөн ашык каза болду. Бул илдетти жуктурган учурлар 18 өлкөдө аныкталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.