Кытайдын элчиси ТИМге чакырылды

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 09:36
0 ой-пикир

1-февралда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэн менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айдарбеков Кытайдагы коронавируска байланыштуу кыргыз тарап Кытайды колдоого аларын билдирген.

«Министр Кытай Эл Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарына карата пайда болгон маселелерди чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгү үчүн кытай тараптка ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2019-жылдын июнунда Кыргыз Республикасына КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген конкреттүү келишимдерди ишке ашырууга байланышкан эки тараптуу кызматташуунун айрым маселелери дагы талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.