Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын презентациясы өтүүдө

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 15:06
0 ой-пикир

Бүгүн 2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) бет ачары болуп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттарынан Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Жунус уулу жана бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Жаңыдан түзүлгөн партиянын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаш саясатчылар бар.

КЛДП партиясы апрелде өтчү жергиликтүү шайлоого (Ош, Токмок) жана 2023-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгат. Мындай пикирин аталган партиянын теңтөрагасы Жанар Акаев КЛДПнын презентациясында айтты.

Ошондой эле Акаев КЛДПнын партиясынын катарында бийлигине, байлыгына ишенгендерден эч ким жок экендигин кошумчалады.

«Бизди олигархтар менен колунда бийлиги барлардан сактай турган-шайлоочулар. Көпөстөр, акчасы көптөр бизди карап, мыйыгынан күлүп турушат. Жаңылануунун мезгили келди. Парламентке, өкмөткө ишеним азайды. Эл ишеним артчу альтернатива издеп жатат. Биз бул боштукту толтургубуз келет», — деди КЛДПнын теңтөрагасы.

Мындан сырткары, ал КЛДП партиясын колдоочулар үчүн атайын банктык эсеп ачылганын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.