Улуу Британия Европа биримдигинен чыкты

Аалам, Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 15:20
0 ой-пикир

Улуу Британия Европа биримдигинен расмий түрдө чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

​Европарламент өлкөнү катардан чыгаруу маселеси боюнча 31-январь күнү добуш берди. Депутаттар британ парламенти кабыл алган келишимди жактырды.

Белгилей кетсек, Улуу Британия Брекзит боюнча референдумдан үч жыл өткөндөн кийин Евробиримдиктин курамынан чыгууда. Британ парламенти ЕБ менен түзүлгөн келишимге макул болбой, альянстан чыгуу датасы үч жолу жылдырылган. Былтыр премьер-министр болгон Борис Жонсон Евробиримдик менен жаңы келишим түзүп, британ парламентинде мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүп, жеңишке жеткен

Ошентип Британия Евробиримдиктен расмий түрдө 31-январь күнү саат 23.00дө чыгып кетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.