Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүү кандай жүрүүдө?

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 09:34
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жылдызбек Исакулов мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Мааалыматка ылайык, ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүү менен электрондук реестр иштелип чыккан. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда.

Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы электрондук сатууну жана электрондук аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

Ошондой эле ММБФ төрагасы мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо максатында объекттерди ижарага берүү, андан ары сатуу менен алектене турган «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси ачылганын айтты. Бул ар бир жарандын аукционго онлайн режимде катышуусуна мүмкүнчүлүк берет жана процесстин толук ачык-айкын болушун камсыз кылат.

Мындан тышкары, мекеменин жаңы сайты иштелип чыгып, анда мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун финансылык ишмердүүлүгү, кирешелери жана чыгашалары тууралуу толук маалымат чагылдырылган.

Ошону менен бирге Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтарып алуу иштери улантылмакчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу ММБФнын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык болушу зарылдыгын белгиледи.

Бул системаны өркүндөтүү үчүн улутташтыруу механизмдеринен тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү механизмдерин да киргизүү керектигин белгиледи.

Мамлекеттик компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ММБФ менен маалыматтык жана автоматташтырылган өз ара байланыш системасын киргизип, алардын ишин координациялоону күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.