Өлкөнүн аба майдандары тышкы башкарууга өтөбү?

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 10:38
0 ой-пикир

Кыргызстандагы эл аралык “Манас”, “Ош” аэропортторуна тышкы башкарууну киргизүү сунушталды. Мындай сунушту кыргыз өкмөтү эл аралык аэропортторуна инвестиция тартуу керектиги менен түшүндүрдү.

Аэропортторду тышкы башкарууга берүү планда бар экенин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тастыктады. Анын айтымында эл аралык жана аймактардагы аэропортторду тышкы башкарууга берүү менен бүгүнкү күндөгү көрсөткүчтөрдү жана  тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт. 

Анткен менен компания банкрот болгондо же кризиске учураганда гана тышкы башкарууга берилет.

Бирок бул жерде абал такыр башка. Республикадагы 11 аэропортту өзүнө камтыган «Манас» эл аралык аэропорту» компаниясынын эч кандай финансылык көйгөйү жок. Мисалы, 2019-жылдагы таза кирешеси 2 миллиард сомду түзгөн.

Министрлер кабинетинин чечимине башка нерсе себеп болгон. Бийлик Кыргызстанды Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны бириктирген транзиттик түйүнгө айландырууну каалап жатканын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев sputnik.kg сайтына берген маегинде билдирген.

«Борбор Азия аймагында аэропорттор арасында атаандаштык бар. Бүгүнкү күндө Алматынын эл аралык аэропорту менен Өзбекстандын тармактык аэропорттору катуу өнүгүп жатат. Буга байланыштуу биз коңшулардан артта калбашыбыз керек. Ал эми эл аралык тажрыйба алар менен атаандашууга жардам берет», — деди Абдылдаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.