ИИМ: Жыл жыйынтыгы менен беш жетекчи кызматтан алынды

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 09:01
0 ой-пикир

ИИМ жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда 5 кызматкерди иштен алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарбагандыгы, алдын алуу иштерин уюштура албагандыктары үчүн:

  • ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы М.Бопушев,
  • Түп РИИБнын башчысы Д.Исаков;
  • Жети-Өгүз РИИБнын башчысы Т.Исаев;
  • Чүй РИИБнын башчысы Ч.Шаршеналиев;
  • ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Талас облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы У.Самудинов кызматтан бошотулду.

Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн, 30дан ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.