Айзада Касымалиева: Айеркен Саимаити "Азаттыктын" иликтөөсүнүн жалгыз булагы эмес

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 19:19
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму 31 -январда өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, отурумга тийиштүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен “Азаттык» үналгысынын жетекчилери катышкан.

Жыйын жүрүшүндө “Азаттык» үналгысынын директору Айзада Касымалиева Айэркен Саймаити менен Райымбек Матраимов иликтеген журналист Али Токтакунов азыркы учурда «Азаттыктын» Прагадагы (Чехия) борбордук кеңсесинде иштеп жаткандыктан, комиссиянын отурумуна катыша албай турганын, аны менен интернет аркылуу онлайн режиминде байланышса болорун билдирди.

Депутат Мирлан Жеенчороев комиссиянын келерки отрумуна Райымбек Матраимовду, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Дүйшөн Төрөкуловду да чакырып, айрым бир суроолорго жооп алуу зарылдыгын белгиледи.

Андан тышкары, ал Айэркен Саймаити өзүнүн «Абдыраз» фирмасы аркылуу чыгарып кеткен каражаттардын Кыргызстандын бюджетине тиешеси бар экенин айтты. «Укук коргоо органдарынан киреше булактары, аларды берген адамдар, каражаттардын жүгүртүлүшү жөнүндө сураш керек. Эмне үчүн ушул кезге чейин текшерилбей, жаап-жашырылып келген? Биз ал каражаттардын мамлекеттик бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финполиция менен Башкы прокуратура өлкөдөн чыгарылып кеткен акчадан 5 млрд сом төлөнбөй калганы, жалпы каражат 700 млн доллар эмес, 932 млн доллар экенин билдирди», — деди Мирлан Жеенчороев.

Ал эми «Азаттык» радиосунун директору Айзада Касымалиеванын журналисттик иликтөөнүн алгачкы бөлүгү жарыялангандан кийин Айеркен Саимаити өзү байланышка чыккан, андай адамдар ондоп саналарын билдирди. «Айеркен Саимаити иликтөөнүн жалгыз булагы эмес, өздөрү келип маалымат берген адамдар көп, алар азыр дагы кайрылып жатышат. Алардын көбү жаңы жыл алдында сабалып, аргасыздан Кыргызстандан сырткары чыгып кетишти», — деди ал.

Журналист иликтөөлөрдө каражатты Кыргызстандан чыгарып кетүүнүн көмүскө жолдору көрүнөө чыгарылганын, эми аны укук коргоо органдары текшериши керектигин белгиледи. «Айеркен Саимаити менен Абибулла Абдыкадыр тарабынан чыгарылып кеткен 700 млн доллардын бир бөлүгүнө Европадан жана Бириккен Араб Эмиратынан кыймылсыз мүлктөр сатылып алынган. Кыскасы, алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциядан улам байыганы көрүнүп турат», — деди Айзада Касымалиева.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан 700 млн доллар көлөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпталган кытай ишкери Айэркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Журналисттик иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго да ага катышы бар деген доомат коюлган.

Депутаттык комиссиянын курамында төмөнкү депутаттар бар: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, «Республика — Ата Журт» фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, «Кыргызстан» фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, «Ата Мекен» фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.