Кат жазчы мага…

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 31 Янв 2020 19:47
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Кадыр Атамбаев социалдык түйүндөрдө Ангела Меркель анын атасын Жаңы жылы менен куттуктаганын жазып, Германиянын канцлеринин колу коюлган открытканын сүрөтүн чыгарды. Мурдагы президентке арналган куттуктоо Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жакында эле берилгенин жазды.

Раиса Атамбаевага Татарстандын президенти унаа белек кылып, ага кеткен чыгымдарды толугу менен төлөп турары тууралуу жалган маалыматтан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары куттуктоо тууралуу билдирүүгө дагы ишене бербей турушту. Бирок бул жолу Кадыр калп айтпаптыр. Меркель чынында эле Алмазбек Атамбаевге куттуктоо жолдоптур.

Бул бир нерседен кабар береби? Бул кадам Меркель менен Атамбаевдин өзгөчө мамилесин билдиреби? Албетте, жок. Мисалы, Ангела Меркель Украинанын экс-президенти Петр Порошенкого дагы ушундай эле куттуктоо жөнөтүп, тексттин үстүнө “Урматтуу, Петро!” деп кайрылган. Бул тууралуу Порошенко Facebook тармагындагы баракчасына жарыялаган. Бирок ага куттуктоо Жаңы жылдык майрам алдында эле жеткен.

Баса, немис саясатчылары Украинада ондон ашык кылмыш ишине тиешеси бар делинген адамга Мекрелдин мындай мамиле кылганын түшүнүшкөн эмес. Ошондой эле адам өлтүрүү иши боюнча шектүү саналып жаткан Атамбаевдин дарегине мындай куттуктоонун жиберилишинде дагы эч кандай логика жок. Бул Кыргызстандагы абалды толугу менен билбеген Канцлер менен иштеген кызматкерлердин иши болушу толук мүмкүн. 

Себеби Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө дагы Кадыр Атамбаев айткандай, Ангела Меркель менен Алмазбек Атамбаевди “баалуулуктар, саясий позиция жана ниеттерге негизделген мамилелер” байланыштырып турарына эч ким ишенбейт. Дүйнөдөгү демократия өнүккөн өлкөлөрдүн биринин лидеринин Атамбаев сыяктуу саясатчы менен жалпы баалуулуктары болушу да мүмкүн эмес.

Дагы айта кетчү нерсе. Кадыр Атамбаев Меркель аны Германиядагы каалаган ЖОЖдо окууга чакырып жатканын айтканы дагы күмөн ойлорду жаратат. Балким, канцлер Германияда татыктуу жогорку окуу жайлар көп экенин жана Кадыр даяр болсо өзү каалаган ЖОЖду тандап, ошол жакта билим алса болорун айткандыр. Бирок Кадыр Атамбаевдин ал жактагы ЖОЖдордо окууга билими жетиштүүбү аны канцлер эмес, ЖОЖ өзү чечет эмеспи. Башкача айтканда, Меркель Кадыр Атамбаевди жекече колдоп, окуу жайга өткөрбөйт. Себеби бул батыштагы демократиялык системада мүмкүн эмес.

Сөзүмдүн акырында Кадыр Атамбаевдин коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдургусу келген кезектеги аракети тууралуу эки ооз кеп айтсам. Facebook’ка Кадыр Атамбаев мындай деп жазды: “Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын берип жатып, Германияда ага саясий куугунтукка кабылып камалгандар тууралуу суроолор берилгенин айтып алды. Бул үчүн Меркель айымга ыраазычылык билдирем”

Бирок Кадыр Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон иш-сапары учурунда кимдер саясий куугунтукка кабылгандарын эске салууну унутуп калды көрүнөт. Иш-сапар 2019-жылдын апрель айында болгон. Ал убакта Кадырдын атасы камакка алган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов саясий куугунтукка кабылып, камалгандардан болчу. Анан албетте, немистер Азимжан Аскаров тууралуу да сөз кылып жаткан болушу толук мүмкүн, себеби анын тагдырына бүтүндөй батыш коомчулугу көз салып турган маалы эмеспи.

Ошондуктан Кадырдын саясий куугунтукка кабылгандар тууралуу жазганы чекилик болду.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.