Армениянын экс-президентинин иши сотко өттү

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 09:40
0 ой-пикир

Армениянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Серж Саргсянга байланыштуу кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы жазып чыкты.

Кылмыш иши дыйкандарды колдоо мамлекеттик программасынан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу ачылган.

Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.

Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты жана партиялаштары ишти саясий куугунтук катары баалашат.

Учурда экс-президент үй камагында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.