Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө посту азырынча жабыла элек. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда ремонттук иштерге даярдыктар жүрүүдө.
Казакстан менен бир күндө эки тараптуу жабуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.
Эске салсак, буга чейин “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө постун кайрадан реконструкциялоо керектиги айтылып, казак тараптын келерки жылдын январь айынан баштап ал жердеги каттоолорго чек койо тургандыгы белгилен.