Парламентте "Дордой" базарын жабуу сунушталды

Окуялар тизмеги 29 Янв 2020 10:47
0 ой-пикир

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Камчыбек Жолдошбаев Кытайдан чыккан коронавирус илдетин алдын алуу маселесин көтөрүштү.

Бакыт Төрөбаев Кытайдагы коронавирустун очогу болгон Ухань шаарындагы кыргызстандык студенттер менен байланышканын билдирди:

«Ухань шаарында студенттер үч көйгөйдү айтышты. Алар изоляцияда экендигин жана тез арада биздин студенттерди чыгарып кетүүнү суранышты. Экинчиси, алар «чыга албай калсак, акча түгөнүп калышы мүмкүн, каражаттан жардам берсе» деп жатышат. Кокус алар узак убакыт кармалып , кийин уруксат бир мезгилде берилип калса, каражаттын жоктугу тоскоолдук болушун айтышты».

Депутат Камчыбек Жолдошбаев кытай вирусунун алдын-алыш үчүн чоң соода түйүндөрүн ишин токтотуш керектигин сунуштады.

«Борбордук базарларда, «Дордой», «Мадинада» кытай жарандары жүрөт, өзүнчө иш-чара караш керек»,- деди Жолдошбаев.

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастан Жумабеков депутаттарга жооп кылып, Коопсуздук кеңешинде, өкмөттө бул маселе боюнча тиешелүү иш жүруп жатканын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.