Коронавирус: эки ооруканада боксташтырылган палаталар даярдалды

Окуялар тизмеги 29 Янв 2020 09:59
0 ой-пикир

Өлкөнүн Казахстан менен болгон чек араларында санитардык-карантиндик пункттар ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “Чалдовар”, “Акжол” СКПнын жана “Кайыңды” темир жол СКПнын адистери тепловизордун жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, алардын ден соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө.

Ошондой эле Чүй облусунун Москва жана Жайыл аймактык ооруканаларында жугуштуу оорулар бөлүмүндө боксташтырылган (обочолонуп бөлүнгөн) палаталар даярдалды.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылган Кытайдын Үрүмчү шаарында билим алган студенттерден кабар алып келди. Бардык студенттерге үзгүлтүксүз медициналык кароо жүргүзүлүп жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык жана коронавирустун эч бир клиникалык белгилери аныкталган жок.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 27-январына карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.