Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Азамат Арапбаев ЕАЭБ алкагындагы маселени көтөрдү. Тактап айтканда, эл өкүлү кыргыз ишкерлери жүк ташууда Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматы тарабынан тоскоолдуктарга учурап жатканын билдирди.
Эл өкүлү бул маселе боюнча өкмөт башчыга казак тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Депутаттын айтымында ар бир жүк ташуучу унаа үчүн ишкерлер 500 доллардан 5 миң долларга чейин төлөп жатышат.