Үч медиага Матраимовдордун доосу боюнча сот бүгүн уланат

Окуялар тизмеги 29 Янв 2020 09:43
0 ой-пикир

Бүгүн, 29-январда Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча ишти кароону улантат.

Анда Матраимовдордун «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартуу жөнүндө арызы каралат. Бул тууралуу Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «24.kg» сайтынын жактоочусу Эмил Жандаев «24.kg» «Азаттык» жана «Kloop.kg» иликтеп жарыялаган материалды гана сайтына чыгарганын, соттук ишти тынчтык жолу менен бүтүрүүгө макул экенин, бирок анын шарттарын такташ керек болорун айткан. Ал эми 27-январда аталган агенттик сайтына «Бизде Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси тууралуу далилдер жок» деген кабар чыгарган.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Анда аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.