Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады.
Депутаттын айтымында, партия Бишкекте кеңсе ачты, 28-январда Ошто ачылган кеңседе жолугушуу өтөт.
«Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам», — деди Акаев.
Партия жакынкы күндөрү уюштуруу съездин өткөрүүнү пландап жаткандыгы айтылды.