ВИДЕО:Ат-Башыда жергиликтүү тургундар логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгышты

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 15:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 28- январда Нарын облусунун Ат-Башыда райондук администрациясынын алдында индустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы митинг өттү. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучусу Алия Калыбекова өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Митингдин катышуучулары аталган жерди кытайлык ишкерлерге берилгендигине нааразы экендигин билдиришти. Алардын пикиринде, логистикалык  борбор кыргыз өкмөтү тарабынан курулуш керек. Жалпысынан жүз элүүгө жакын адам катышты.

Эске сала кетсек, Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплекси куруу үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Борбордун курулушу жаз айларында башталышы күтүүлүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.