Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: күбөлөрдөн сурак алуу уланууда

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 17:56
0 ой-пикир

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Тарых музейин оңдоп-түзөө иши боюнча күбөлөрдөн сурак алуу уланууда.

Сүрөтчү Ишенбек Чабанов суракка чакыртылган.

Ал көркөм кол өнөрчүлүк тармагында сүрөтчү экендигин билдирип, 2017-жылы аны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Тарых музейин реконструкциялоо концепциясына байланыштуу көркөм кеңешке катышууга чакырышкандыгын билдирди.

«Бизди экспонаттарга жана музейдин интерьерин талкуулоо сыяктуу маселелерге байланыштуу чакырышкан. Немец инвесторлору менен чогуу өткөн экинчи чогулушту дал ушул маселелерди талкууладык. Биз немецтерге сырты иштердин баардыгын ишенсе туура болот го деп ойлогонбуз. Ал эми жасалгалоо жана тематиканы кыргыз сүрөтчүлөрү жасаса дедик. Биз бул маселелерди айтканда, кийинки жолугушууда талкуулайбыз деп макулдашканбыз», — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.