Үрүмчүдөн кайткан алты кыргызстандык студент изолятордо кармалууда

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 15:24
0 ой-пикир

Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент өз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-январда эртең менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан алты кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алар Шиңжаң университетинин студенттери.

“Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), аларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери жок. Лабораториялык диагностикалык изилдөө жүрүп жатат” — деп билдирди өкмөт.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул студенттер Кыргызстанга 27-декабрда каникулга келип, 21-январда кайра Үрүмчүгө кайтышкан.

Алгач Кытайда катталган коронавирустан, соңку маалыматка караганда, 106 адам көз жумду, ооруп калгандардын саны 4,5 миңден ашты

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.