Аргасыз күлкү же келекелөө бизде качан токтойт…

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 28 Янв 2020 19:47
0 ой-пикир

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков немис шаары — Франкфурт-на-Майненин аталышын туура эмес окуп алганы үчүн социалдык тармактарда шылдыңга кабылды.

2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда, былтыркы жылдын 7-декабрында жана үстүбүздөгү жылдын 16-январында Дастан Жумабеков документке кол коюлган шаардын атын туура эмес атап, биринде Франкфунт жана Маяне, экинчисинде Франкфурт-на-Маяне деген болчу. Төраганын бул жаңылганы эл арасында желдей тарап, шылдыңга себепчи болгон.

Кимди шылдыңдап жатабыз, урматтуулар?

Чын-чынына келгенде кыргыз парламентинин төрагасы немис шаарынын аталышынан жаңылганы иштин бүткөнүн билдирбейт. Дегеним, башка мамлекеттердеги депутаттар деле кыргыздардын жерлеринин аталышын туура айтат деген кепилдик жок эмеспи. Россиянын Мамдумасынын мүчөлөрү деле кыргыз айылдарынын аталышын гана эмес, айрым фамилияларды, аттарды айтууда деле көп жолу жаңылышат.

Айта кетсек, Россиянын жогорку мыйзам чыгаруучу органынын депутаттарынын арасында чет элдик сөздөрдү айтууда жаңылып, шылдыңга кабылгандар болгон. “Справедливая Россиянын” лидери Сергей Миронов парламент трибунасынан сүйлөп жатып стрит-артты артрит менен алмаштырып алган.

Ал эми депутат Елена Мизулина интернеттеги коопсуздук боюнча форум өтүп жаткан учурда: “Балдар порнографиясынын жанрларынын арасында экинчи орунда – инсайд турат” деген.  Тактап айтканда, Мизулина “инцест” деген сөздү жаңылып “инсайд” деп алган.

Күлкүлүү эч нерсе жок

Жогорку Кеңештин төрагасынын жаңылып калганын шылдыңдагандардын көп болгону коомдун Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээлине өзгөчө көңүл буруп жатканынан кабар берет.

Депутаттар парламенттин жыйынына аткаминерлерди чакырып алып, анын кийими үчүн “такалаганынан” тажады. Аларга актуалдуу суроолорду бергендин ордуна эл өкүлдөрү шылдыңдап, кийимине асылып жатканы элге жаккан жок. Эл депутаттардын айрым күлкү келерлик демилгелеринен дагы тажады. Мисалы, туристтерди качырбаш үчүн ММКларда өлкөдө болуп жаткан жаман маалыматтарды жазууга тыюу салуу, Бакиевдер чыгарып кеткен миллион долларларды табуу үчүн “караларга”, башкача айтканда, криминалга кайрылуу, Нарындагы карышкырларды атуу үчүн тик учак сатып алуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө жол чырактарды орнотуу сыяктуу демилгелер элдин кыжырын келтирүүдө.  

Албетте, ар бир чакырылышта шайлоочуларды билим деңгээлинин жана интеллектинин төмөндүгү менен таң калтырган депутаттар болуп келген. Бирок Жогорку Кеңештин VI чакырылышы рекордду жаңыртты десек болот.

Натыйжада бул адамдарга өзүбүз ишеним көрсөтүп шайлабадык беле деген ой келет. Ошондой эле партиялык тизме менен шайлоо системасына дагы шек жаралууда. Себеби азыркы шайлоо системасында ким депутат болорун эл чечпейт, ой-жүгүртүүсүнө, акылына эмес, капчыгынын калыңдыгына караган партия лидерлери чечишет.

Алдыда боло турган шайлоо – бул чечим кабыл алуучу мезгил. Боршайком шайлоо канчалык таза өткөнүн айтпасын, эгерде коомчулук аны тааныбай турган болсо, анда өлкөдө абал тез курчушу мүмкүн.  Ошондуктан “Ак үй” жана партия лидерлери тизмелерине акчалууларды кошуудан мурда, жети өлчөп бир кесүүсү зарыл.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.