Урматтуулар, жаштарга басым жасайбыз

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 27 Янв 2020 21:45
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Учурда жаштарга жол бошотуу керек, алар бийликке, тактап айтканда, парламентке келсе эле өлкө өзгөрүп кетет деп кыйкыргандар абдан көп.

Саясатта “жаштар” деген түшүнүк башкача десем болот. Негизи 35 жашка чейинкилер жаш саясатчы катары саналат. Жогорку Кеңештин  VI чакырылышында алардын саны 10 пайыздан ашуун. Негизи парламенттеги депутаттардын санынын 15 пайызы жаштар болуусу норма катары саналат.  

Бирок көпчүлүк май айында 50 жашка чыга турчу Өмүрбек Бабановду деле жаш саясатчы атап келишет.

Жаштардын саясатка келүүсү кадимки көрүнүш. Аларды жашына карап эле саясатка тартпастан, 30 жашка чейинкилер тажрыйба топтоп, карьера жасап, үйрөнүшү үчүн саясий чөйрөгө аралаштыруу максатка ылайык.

Бизде болсо коомчулук өзгөрүүнү, жаңыланууну каалагандыктан жаштар темасы актуалдуу болуп келет. Коом азырынча эмнени каалап жатканын так, даана билбейт, бирок абал азыркыдай калышын да каалабайт.

Ошондуктан коомчулук өзгөрүүнү жаштар менен байланыштырып келет, мисалы, парламентке жаштар келсе, абал өзгөрмөк деген пикирде. Бирок, тилекке каршы, өзгөрүү менен жаштык бири-биринен анчейин деле көз каранды эмес. Жаштык бул сапаттуу иштин белгиси эмес. Дегеним, Жогорку Кеңештин акыркы эки чакырылышында үмүт жандырган жаштар болбой койгон жок, бирок алар өзгөчөлөнүп, саясий жылдыз болуп кете алышпады. 

Тилекке каршы, Кыргызстандагы партиялар жаңы саясий элитаны тарбиялаган институт боло албай жатат. Партиялар парламентке өтүүнү көздөгөндөр топтолгон бизнес-долбоор болуп калууда.

Учурда партиялар жаңылануу жолуна түштүк дегенсип, жаш курагына карап талапкерлерди тандап, аларды тизмеге кошуу аракетин көрүүдө.

Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда “Ак үй” жаштарга басым жасоо тапшырмасын “Мекеним Кыргызстан” партиясына берген. Бул партия Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине кадам таштоо менен жана бийликтеги байланыштары аркылуу бийликке умтулуп, күчтүү жаштар канатын түзгөн.  

Башкалары болсо тизмелери үчүн жаштарды блогерлердин, журналисттердин, артисттердин ж.б. арасынан издейт шекилдүү. Билим жана өлкөнү өнүктүрүүгө болгон көз караш эмес, атактуулук башкы талап болот окшобойбу. Алар үчүн акчаны партиялардын демөөрчүлөрү төлөйт же жалпы кассадан каражат бөлүшөт. Ошондуктан алар тизмеге кирүү үчүн кайдан акча табам деп баш оорутушпайт. “Чоң байкелери” алар үчүн жол ачып коюшат.

Ал эми ушундай иш-аракеттерден соң 2020-жылдагы шайлоодон кийин жаңы саясий элитаны тарбиялоо маселеси келип чыгары турган иш.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.