Президентке мас абалында кармалган судьяны кызматтан кетирүү сунушталды

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 12:48
0 ой-пикир

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында сунуш президентке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 5-1 статьясына ылайык, судья Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек экендиги жазылган.

Буга байланыштуу, КР Жогорку сотунун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушу жөнөткөн.

КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М. Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү» — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-январында Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманованын жаңы-жылдык кечеден кийин мас абалында кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.