Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга айып пул төмөндөдү. Эмнеге кубануудабыз?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 27 Янв 2020 18:02
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Кыргызстанда жетинчи кабатта чечимдер кандай кабыл алынары табышмак.

16-январда президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун өлчөмү төмөндөдү. Мисалы, жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу, коопсуз дистанцияны сактабоо жана башка учурлар. Өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин жакшыртуу, жарандардын жоопкерчилигин ажыратып бөлүү бөлүгүндө, акыйкат жана гуманизм принциптерине таянып, бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн өзүнчө белгилөө максатында кабыл алынганы айтылды.

Муну менен катар эле АКИpress маалыматтык агенттигине берген маегинде Ички иштер министирлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы жол кырсыктарынын саны 11,1 пайызга, жаракат алгандардын саны – 12,6 пайызга жогорулаганын билдирди. Анын пикиринде, жаңы кодекске ылайык, жеңил жаракат алган жабырлануучулар болгон учурлар деле жол кырсыктары катары саналып жаткандыктан көрсөткүч жогору болууда.

Ошондой эле Исраилов унаалардын санынын көбөйгөнү дагы таасир берип жатканын белгиледи. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2010-жылы Кыргызстанда 445 миң унаа катталган. Ал эми бүгүнкү күнү алардын саны 1 миллион 350 миң. Ал эми Бишкектин транспорттук инфраструктурасы 40 миң унаага гана эсептелинген. Иш жүзүндө күн сайын борбор көчөлөрүнө 420 миң унаа чыгат, ага кошумча 60-70 миң унаа шаарга кирип чыгат.

Жол эрежелерин бузууга салынган айып пулдар карапайым калктын чөнтөгүн кагуу үчүн ойлонулуп чыккан чара эмес. Айып пулдар – бул биринчи кезекте, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу.

Айып пулдарды азайтууну талап кылгыдай, бул салык эмес. Эрежени бузба – эч нерсе төлөбөйсүң.

Бийлик жарандардын нааразычылыгына карап дайыма эле ийилип тура бербеши керек. Айрым учурларда хирургиядагыдай мамиле жасоо туура, биринчи ооруйт, оор болот, бирок кийинкиңе жакшы.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.