Коронавирус: Казакстан "Хоргосту" жапты

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 07:49
0 ой-пикир

Казахстандын өкмөтү чөлкөмдөгү эң ири «Хоргос» базарын убактылуу жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу 26-январда коронавируска байланыштуу өткөн чукул жыйында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Казахстандын премьер-министри Аскар Мамин илдеттин тарап кетишинин алдын алуу максатында бир топ чечимдерди кабыл алган. Тактап айтканда «Хоргосту» жабуу, Ухандагы казак студенттерди алып келүү, казак-кытай чек арасында, аба майдандарында, темир жол бекеттеринде көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма берилген.

Эске сала кетсек, Кытайда бир айга чукул убакыттан бери кооптуу вирус жайылып, адам өмүрүн алууда. Ал өлкө провинцияларынан тышкары жакынкы мамлекеттерге да тарап жатат.

Учурда Кытайда ооругандардын саны 1000 адамдан ашкананын, алардын 50-гө жакыны каза болгондугу айтылды.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ал штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жоктугу расмий түрдө билдирилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.