Си Цзиньпин коронавирус боюнча абал оорлошконун билдирди

Аалам, Окуялар тизмеги 26 Янв 2020 12:08
0 ой-пикир

Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду, деп жазды «Азаттык».

Маалыматка караганда Кошмо Штаттар Кытайдын Ухань шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарууда. Канадада бул ооруну жуктурган бир киши катталды. Ал арада Москвада 7 киши коронавирус боюнча шектүү катары ооруканага жаткырылды.

Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы айтылууда. АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Автсралия, Францияда ооруну жугузгандар аныкталды.

Кытай лидери Си Цзиньпиң жаңы жылдык куттуктоо учурунда оору көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп бара жатканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.

Гонконгдо да оору катталгандыктан, вирус боюнча чукул кырдаал жарыяланды. 26-январда АКШ Ухандагы жарандары менен дипломаттарын чыгарып кетиш үчүн чартердик каттам уюштурду. Шанхайдагы бир күндө 100 миң киши кирген Диснейленд, Гонконгдогу Океан паркы, кинотеатрлар жабылды. 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ал штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жоктугу расмий түрдө билдирилген.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча малекеттик агенттик чек арадагы ветеринардык текшерүү пункттарында жана жана аэропорттордо текшерүүнү күчөткөн. Коронавирус боюнча кырдаал турукташканча Кытайдан эт жана эт продукцияларын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.