Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик думасынын ыраазычылык катын алды (фото)

Окуялар тизмеги 26 Янв 2020 16:57
0 ой-пикир

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык катына ээ болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык. Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу- бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык»- деп жазган Самара Каримова.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 23-октябрда Самара Каримова Москвадагы Кремлдин чоң залында концерт берген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.