Депутат совет доорунда Ооганстанга жиберилген кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө

Окуялар тизмеги 26 Янв 2020 17:14
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов.

Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу СССРдин убагында Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө.

«Кыргызстандан Ооганстанга ушундай тапшырма менен 5 кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан, аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл», — деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргыстанда КПСС БК тарабынан кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген Михайлов атуу бир гана жаран бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.