Чек ара кызматынын Баткен башкармалыгында 1млн 750 миң сомдук жабдыктар жоголду

Окуялар тизмеги 26 Янв 2020 15:09
0 ой-пикир

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 1 миллион 750 миң  сомдук  күндөн заряд алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу  Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген. 2020-жылдын январь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Облустук Аскер прокуратурасынан бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышты.

Башкы прокуратура  шектүүгө карата «Өткөрүлүп берилген мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин баштады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.