Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 1 миллион 750 миң сомдук күндөн заряд алуучу кубаттагычтардын жоголгону аныкталып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жабдыктар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген. 2020-жылдын январь айында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин тапшырмасы менен аскер бөлүктөрдө жана бирикмелерде текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Облустук Аскер прокуратурасынан бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтышты.
Башкы прокуратура шектүүгө карата «Өткөрүлүп берилген мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү ишин баштады.