Жанар Акаев парламенттик шайлоого ким менен барарын айтты

Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 15:38
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого катышарын маалымдады. Бул тууралуу эл өкүлү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Шайлоого Жанар Акаев саясат таануучу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров менен чогуу катышууга камынып жатканын билдирди.

Бирок партиянын аты азырынча айтыла элек. Учурда позициясы шайкеш келген саясатчы, ишкер, активисттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жана жакында партиянын съезди өтөрүү айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Сейтек Качкынбай 2016-жылы түзүлгөн “Демократ” саясий партиясы менен жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.