Кытайда жаңы жыл тосуу башталды

Аалам, Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 15:20
0 ой-пикир

Кытай калкы Ай календары боюнча Жаңы жылды, кытайча Чуньцзе же Жаз майрамын белгилейт. Кытайда Ай жылнаамасы боюнча 2020-жылдын башталышы 24-январдан 25не караган түнгө туура келди. Андыктан, Кытайда 25-январда жаңы жыл белгиленип жатат.

Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди жаңы жыл — жаз майрамы менен куттуктады.

Маалыматтарга караганда, Кытайда жаңы жыл быйыл 25-январдан 10-февралга чейин белгиленет. Ал эми расмий түрдө кытайлар 29-январга чейин эс алышат.

Кытайда чыгыш календары боюнча 2020-жылды эмес, 4718-жылды белгилешет.

Жаңы жыл тосуу Юаньсяоцзе – кызыл фонарлар майрамы менен жыйынтыкталат. Бул күнү кызыл түстөгү миң сандаган кызыл фонарлар асманга коё берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.