Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учурлар катталган жок

Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 08:34
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын профилактикасы департаментинин эпидемиялогиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, ит, мышык ж.б. жаныбарлардын арасында жайылган коронавирустун 39 түрү бар.

«Алардын 5 түрү адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Декабрь айынын аягында вирустун жаңы түрү чыкканы тууралуу белгилүү болгондо профилактикалык жана даярдык иштери жүргүзүлдү. Окумуштуулар вирус адамдан адамга жуга турганын билдиришти. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматты ырастаган жок», — деди ал.

Ал эми Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, Бишкекте коронавирус жуктуруп алган учурлар аныкталса, оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр.

«Учурда ал үчүн ооруканада үч палата даярдалды. Кокус илдетти жуктургандар аныкталса, биз аларды башкалардан четте кармашыбыз керек. Ошондой эле бейтаптарды ташуу үчүн бокс-камераларды алдык. Учурда ал вирусту дарылоо кадимки КРВИ же сасык тумоодой эле жүргүзүлөт», — деди ал.

Ал белгилегендей, ооруканада дары-дармек ж.б. жетиштүү.

Ошондой эле министрликтин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын билдиргени боюнча, учурда ал вирус боюнча кырдаалга байкоо салуу үчүн оперативдүү штаб түзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.