Президент Финполдун ишин сынга алды

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 11:09
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) «Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбай жатат» деп сындады. Бул тууралуу өлкө башчы 24-январда «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты:

Резонанстуу иштер боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялап туруу Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралган. Ички иштер министрлиги , Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет резонанстуу иштер боюнча маалымат берип жатат. Финансы полициясы болсо «иш жашыруун» деген шылтоо менен маалымат бербей жатат. Эмне, силердин иштер УКМКныкынан да жашыруунбу? Же ИИМдикинен да жашыруунбу? Жалпыга маалымдоо каражаттарына эмнеге маалымат бербейсиңер?

Коопсуздук кенешинин жыйынына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.