Президент айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылды

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 13:56
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кенешинин кезектеги жыйынында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу ордунан жылбай турганын сынга алды.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу — Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудан да көз каранды болорун белгиледи.

«Ушуга байланыштуу, мен Жогорку Кеңештин пөрагасы Дастанбек Артисбековичтен жана премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичтен „Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө“ жана „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга контролдук кылууну өтүнөм. Укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды камтыган толуктоолорду киргизүү — принципиалдуу мааниге ээ», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент Коопсуздук кеңиши кабыл алган чечимдерди аткарбаганы үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилерин жоопкерчилигин кароону талап кылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.