Коронавирус: саламаттык сактоо министри Кытайдын элчиси менен жолугушту

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 10:22
0 ой-пикир

КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Ду Дэвэнь министрге Кытайдагы коронавируска байланышкан абал тууралуу айтып берип, Кытай өкмөтү ага байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Аны менен бирге элчи, Кыргызстан менен Кытай ынак коңшу экенин белгилеп, кытай тарап Кыргызстандын аталган илдетке карата көрүп жаткан алдын алуу иш-чараларын жогору бааларын жана ага каршы турууда колдоого даяр экендигин айтып өткөн.

Ал эми КР саламаттык сактоо министри элчиге ыраазычылык айтып, кыргыз тарап эпидемияга каршы турууда кытай тарап менен тыгыз байланышта болууга даяр экенин айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.